Жаңылыктар
Жалал-Абад: сел тосомолорго көзөмөл жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: сел тосомолорго көзөмөл жүргүзүлүүдө

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жайгашкан №9, №13 сел тосмолордун ичин тазалоо жана кайрадан калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов аталган аймакты жеринен көрүп, кооптуулук бар экенин эске алуу менен тиешелүү тармактын өкүлдөрү менен макулдашуулар жүргүзүлүп, аталган аймакка ӨКМдин техникаларын жана товардык материалдык балулууктарын бөлүп берүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, 2021-2022-жылдары Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүдө жайгашкан сел тосмолор жарылып, бир топ турак жайларды сел каптап, айрым имараттарды жараксыз абалга кептеген.