Ата-энелерден мектептин оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселер: бор, чака жана башка буюмдарды сатып алууга акча чогултулбайт. Бул муктаждыктар республикалык бюджеттен каржалынып чечиле турган болду. Мындай тапшырманы Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алуу учурунда билдирди. Жолугушууда Мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланган.