25-февралда Талас облусунун Манас, Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун акимдерине кызматтык автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааларды президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана президенттик администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы эксперти Каныбек Абдрахманов тапшырды. Облус башчысы Бакытбек Нарбеков өз сөзүндө көп жылдан бери чечилбеген маселе бүгүн ишке ашып жатканын белгиледи.
"Буйруса, акимдерге кызматтык батирлер да курулуп жатат. Жакында шаарлардын мэрлерине да кызматтык электро унаалар берилүүсү күлүүдө. Аткаруу бийлигине баардык тийиштүү шарттар түзүлдү. Эми президентибиздин ишеничин актап элге кызмат кылышыбыз керек”, - деди облус жетекчиси.
Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.