Жаңылыктар
Кумтөр ачык ыкма менен алтын казууну улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр ачык ыкма менен алтын казууну улантууда

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын жамааты менен жолугуп, келечекке карай пландары менен бөлүштү.

Ал белгилегендей, геологиялык чалгындоонун маалыматы боюнча перспективалар бар, кендин жакшы кору болжолдонууда. "Биз 2031-жылдан кийин ачык жол менен алтын казууну улантууну пландап жатабыз", - деп билдирди компаниянын жетекчиси.

Жолугушуу сууроо-жооп форматында өткөнү белгиленет.

Геологиялык чалгын бөлүмүнүн эксперти Тынчтыкбек Айдаркуловдун айтымында, бөлүм кыргыз тарапта өткөн кийин бекитилген 2 жылга карата планга ылайык, иш алып барууда,

"Быйыл экинчи жылдын планы аткарылып жатат, аны аткарсак, жыл аягына чейин жакшы көрсөткүчтөр менен чыгабыз", - деди ал.