Жаңылыктар
Германия өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга 300 млн евро инвестиция салды
Кыргызстан жаңылыктары
Германия өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга 300 млн евро инвестиция салды

Германия өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга 298 млн евродон ашуун инвестиция салган. Бул тууралуу Бишкектеги кургак учукка каршы жаңы оорукананын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, Германия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын аймагында 1992-жылдан бери иш алып барат жана түрдүү багыттардагы инвестициялык долбоорлорду колдоп келет.

Эскерте кетсек, оорукананын курулушу 2021-жылы башталган. Долбоорду Германия өнүктүрүү банкы каржылайт, буйрутма берүүчү КР Саламаттык сактоо министрлиги. Долбоордун баштапкы баасы дээрлик 6,5 млн еврону түздү.