Жаңылыктар
Өзгөндө үч наристе иске ууланып чарчап калды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө үч наристе иске ууланып чарчап калды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында үч наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февралында Өзгөн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө иске ууланган келин балдары менен айылдык ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 26 жаштагы келин жана анын 1, 3, 4 жаштагы кыздары өздөрү жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланышкан. 

"Келин айылдык ооруканага жеткирилип, кыздары чарчап калган. Окуя боюнча күбөлөр суралган. Чарчап калган жаш балдардын жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Буга байланыштуу, жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.