Судьялар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовду Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты.
Сот тутумунун төрагалары ардагерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, материалдык жардам көрсөтүшүп, белектерин беришип, ден-соолук каалашты. Сот тутумунун өкүлдөрүнө Асек Урманбетов “Кылым карыткан өмүр” китебин эстеликке берип, китеп окурманды Мекенди, жерин, элин сүйүүгө, эң оор сыноолордо да үмүтүн үзбөөгө үндөй тургандыгын айтып берди.
Асек Урманбетов ушул жылдын 2-январында 100 жашка толду. Жолугушууда ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, Улуу Ата Мекендик согушта өзүнүн жана замандаштарынын эрдиктери туурасында кийинки муундарга байма-бай айтып тураарын белгиледи.
Урманбетов бош убактысында роман, поэмаларды жазып, бир катар китептери жарык көргөн. Аларды сатуудан түшкөн каражаттарына 100 дөн ашык мектеп, жогорку окуу жайларга, интернат, куралдуу күчтөрдөгү аскер кызматкерлерине, муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүп, жардамын берип келет.