Жаңылыктар
Нарын райондук милициянын башчысынын орун басары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын райондук милициянын башчысынын орун басары кармалды

Пара алып жаткан жеринен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүнэки кызматкери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 21-февралында опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери жана ИИМдин Нарын облусу боюнча ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. 

Аталган кызматкерлер жылмакай ок атуучу куралды сактоо беренесиндеги факты боюнча козголгон кылмыш иши туралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 000 сом талап кылган. Учурда кармалгандар Нарын шаарынын милициясынын убактылуу кармаоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.