Жаңылыктар
Нарында өзгөчө кырдаал режими алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Нарын облусунун аймагында аба ырайы турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарындагы кооптуулук жараткан кар көчкүлөр өз алдынча жана атайын атып түшүрүлгөн. Нарын гидрометеорология борбору билдиргендей, Бишкек — Нарын — Торугарт жол каттамынын 301-306-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайынын ичинде майда көчкү түшүү кооптуулугу дагы деле бар. Ошондуктан айдоочуларга 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат. 

Эске салсак, 17-февралда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун беш тилкесине көчкү түшүп жол жабылгандыгынан жана көчкү түшүү кооптуулугунан улам Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.