Мындан кийин Бишкек шаарында тиешелүү ченемдерди бузуу менен салынган мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбейт. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Абдыкерим Сыдыков көчөсүндө жайгашкан турак жайдын тургундарынын нааразычылыктарынан улам жерине келип жагдай менен таанышканда билдирди.