Кореяга жасаган иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев шайлоо жараяндарына керектүү жабдууларды чыгарган компаниянын ишин көрүп чыкты.
Соннам шаарындагы “Miru Systems” компаниясында 1999-жылы түптөлгөн. Ишкананын президенти Чон Джин Боктун айтымында, компанияда шайлоо жараяндарына керектүү заманбап жабдуулар жана шаймандар жасалат. Тагыраагы, компания шайлоо бюллетендерин, баракчаларды жана жалпы идентификациялык карталарды даярдоочу заманбап принтерлерди чыгарат. Муну менен катар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө, жогорку ылдамдыкта бюллетендерди саноого жана сорттоого керектүү долбоорлорду ишке ашырат. Алар Кыргызстан баштаган дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп келет.
Компаниянын президенти менен баарлашуу учурунда Төрага Нурланбек Шакиев Корея Республикасы Кыргызстандагы шайлоо жараяндарын реформалоого чоң салымын кошуп, 2015-жылдан бери добуш берүү өнөктүктөрүн техникалык жактан колдоп келе жаткандыгын эске салды.
“Биз шайлоолорубуздун ачык-айкын жана акыйкат өтүшүн камсыздаган “Miru Systems” компаниясынын жабдууларына жогору баа беребиз. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, жаңы чыгарылган акыркы технологияларды келечекте өтүүчү шайлоолорубузда да колдонууга кызыкдарбыз”, – деди Төрага Нурланбек Шакиев.
Өз кезегинде Чон Джин Бок, “Жалпы добуш берүү өнөктүгүн жакшыртууга жана андагы кагаздардын ысырап пайдаланылышын чектөөгө багытталган акыркы технологияларыбызды дагы сунуштайбыз”, – деди. Жолугушуунун жүрүшүндө компанияда эмгектенген кыргызстандык адис Тилек Шыгай депутаттарга шайлоого керектүү жабдуулардын иштөө процесстерин көрсөтүп берди.