Жаңылыктар
Кыргызстанда Hyundai унаа заводунун филиалын ачуу сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Hyundai унаа заводунун филиалын ачуу сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кореянын Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Ансан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган заводдун улук вице-президенти Ли Ки Со компания суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде спикер компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырды. 

"Кореяда чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз", — деди Шакиев. 

Ал эми ишкананын вице-президенти айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү аракеттер көрүлөрүн белгилеген. 

Компанияга тиешелүү ири үч заводдун бири катары таанылган Асан шаарындагы өндүрүштүк мекеме 32 миң чарчы метр аянтты ээлеп, 4 миң адам эмгектенет. Бирок иштин 90 пайызы автоматташтырылган жана күнүнө 1 100 автоунаа жасалат. Азыркы тапта чыгарылып жаткан жаңы унаалардын алгачкы наркы 10 миңден 150 миң долларга чейин бааланат. Ушундай эле заводдор Кореядан тышкары дүйнөнүн алты мамлекетинде курулган.