Жаңылыктар
Кыргызстандык зыяратчыларды Кувейттик авиакомпания тейлейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык зыяратчыларды Кувейттик авиакомпания тейлейт

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. 

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин жарыяланган сынакта кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен. Тандоого Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышкан. 

Эске салсак, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу 6 миң квота бөлүнгөн.