2022-жылга карата кабыл алынган кризиске каршы чаралардын планы 97% га аткарылды. Экономика министрлигинин маалыматында ишке ашырылган аракеттер өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө мүмкүндүк берди.
Каатчылыкка каршы план биринчи кезекте дүйнөлүк экономикалык системадагы кайра куруулардан келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин олуттуу өсүү шарттарында калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багытталган.