Жаңылыктар
Куткаруучулар мекенине кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Куткаруучулар мекенине кайтып келди

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кеткен куткаруучулардын миссиясы аяктады. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана тууган, санаалаштары салтанаттуу тосуп алышты. 

Элчи Ахмет Садык Доган куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, Түркия башынан кечирип жаткан оор учурда Кыргызстан биринчилерден болуп колун сунганын жана эң акыркылардан болуп мекенине кайтканын баса белгиледи.