Түркиядагы жер титирөөдө издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары өлкөгө кайтып келди.
Кыргыз куткаруучулары жалпы 8 кишини уранды астынан тирүү алып чыкса, 198 кишинин сөөгүн тапты.
Аларды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы "Манас" эл аралык аэропортунда болду. Министр Бообек Ажикеев баш болгон ӨКМ жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана куткаруучулардын жакындары тосуп алуу аземине катышты.