Жаңылыктар
Мектеп директорлорун тандоо боюнча өлкө боюнча тестирлөөнүн графиги жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп директорлорун тандоо боюнча өлкө боюнча тестирлөөнүн графиги жарыяланды

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары – 2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 4. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Ош облусу – 2023-жылдын 28-февралында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83. Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

Чүй облусу – 2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 43. Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.

Талас облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 6. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Ысык-Көл облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 11. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Нарын облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 9. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Жалал-Абад облусу – 2023-жылдын 1-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83. Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

Баткен облусу – 2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 36. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.

Ош шаары – 2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 1. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.