Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаран көчкүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан. Жерине 11 куткаруучу, Атай айылынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.