Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индия чемпионатында кезектеги голун киргизди.
18-февралда Индиянын Биринчи Лигасынын 18-турунун алкагында Кыргызстандын “Мохаммедан” командасы Кашмирдин “Реалы” менен беттешип, 2:3 эсебинде утулуп калган.
Мурзаев биринчи составда оюнга кирип, 14-мүнөттө эсепти ачты.
Бул гол Мурзаевдин сезондогу экинчи голу болду.