Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолунун айрым бөлүктөрү жабык
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ош жолунун айрым бөлүктөрү жабык

Бишкек-Ош унаа жолунун 223-231-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 178-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 96-107-чакырымында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 25-98-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу аталган жолдордо жол каттамы жабылып, тазалооиштери жүргүзүлүүдө. 


Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 302-303-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу коопсуздукту камсыздоо үчүн, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен кыймыл чектелип жатат. Тиешелүү мекемелер зарылчылык болбосо айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууга чакырат.