Улуттук телерадиокорпорация эл аралык деңгээлдеги кызматташык байланыштарын кеңейтип чыңдоодо.
Тактап айтканда дүйнөнүн ири медиакомпаниялары менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташып жатат. Бүгүн корпорацияга Түштүк Корея мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже мырза келип, кеңири таанышып, мүмкүнчүлүк шарттарынан кабар алды. Андан тышкары келечектеги кызматташуулар боюнча башкы директор Кайрат Иманалиев менен кеңири маек куруп кетти.