15-февралда Чаткал районунда жаап баштаган кар басыла элек.
Учурда кардын калыңдыгы 1 метрден ашты. Жергиликтүү бийлик ырастагандай, абал туруктуу. Бирок айыл аралаган каттамдарда элге кыйынчылыктар жаралууда. Мындан улам Жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу, ыкчам чараларды көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалпы 11 техника тартылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы-Базар айылындагы кар көчкү коркунучу бар тилкенин 15 тургуну убактылуу жашап туруу үчүн бала бакчанын имаратына көчүрүлдү. Жалпы 13 мектеп 16-нан 18-февралга чейин аралыктан окутууга өткөрүлгөн. Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган.