Жаңылыктар
Бишкекте жаңы автобустар жүрө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жаңы автобустар жүрө баштады

Бүгүндөн тарта Бишкектин көчөлөрүнө 50 жаңы автобус каттамга чыкты. 

Мэриядан билдиришкендей, бул автобустар азыр №38чи, 42чи жана 48чи каттамдар боюнча жүргүнчү ташып иштей баштады. 26 орундугу бар, жалпысынан 75 адам бата турган жаңы транспортто жүргүнчүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кабарчыбыз барып көрүп келди.