Жаңылыктар
Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты

Бүгүндөн тарта Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Мериядан билдиришкендей, бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт. 

Аталган автобусттар газ менен жүрөт жана 75 адамды ташууга ылайыкталган. Анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. 

Мындан тышкары, ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.