"Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен алып келди.
Өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар жарандарды сактап калууга багытталган бул иш-чара экинчи жолу аткарылды.
Ал мамлекет башчысынын саясий эркинин, Министрлер кабинетинин көзөмөлү, тиешелүү органдардын өз ара макулдашылган иштеринин аркасында мүмкүн болду.