Жаңылыктар
Экономикалык өсүштү камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык өсүштү камсыздоо

2023-жылы экономикалык өсүштү 5 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө чыгаруу, же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомго жеткирүү пландалып жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев ведомствонун жыл жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди. 

Айтымында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча иш-чаралар быйыл да улантылат. Бул багытта реалдуу секторду күчөтүү, өнөр жай, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүү боюнча иш аракеттер аткарылат. Ошону менен бирге импорттук көз карандылыкты азайтуучу иштер жасалат. 

Мындан сырткары жалпы өнүктүрүү фонддорунун каражаттары мобилизацияланып, даректүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.