Жаңылыктар
Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилет

Жогорку Кеңештин өкмөттүк саатында депутаттар Бишкек жана Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатын текшерүү боюнча маселе көтөрүштү. 

Марлен Маматалиев жаңы салынып жаткан үйлөр белгиленген курулуштун нормаларын сактабай жаткандыгын айтты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 1 квартал аралыгында бардык көп кабаттуу турак жайларды текшерип чыгуу боюнча иш башталгандыгын билдирди. 

Акылбек Жапаров белгилегендей, элдин жашоо-турмушуна кооптуу деп табылган курулуштар бузулат.