Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи менен жолукту. Ал өткөн жыл кыргыз-эмират кызматташтыгы үчүн окуяларга бай болгонун белгиледи.
«Ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары болуп, анын алкагында биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда тараптар ички процедураларды аяктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул келишимдин алкагында биз инвестициялык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярбыз”, - Жапаров.
Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи өз кезегинде кызматташуунун ыргагына канааттангандыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.