Куткаруучулар Түркиядагы зилзаланын кесепетинен эң көп жабыркаган жана жер титирөөнүн очогу катары бааланган Кахаранмараш шаарынын 3 районунун бир катар тилкелеринде иш алып барууга керишти.
Учурда жалпы 140тан ашуун куткаруучу, 3 кызматтык ит, фельдшерлер жеринде иш алып барууда.
Куткаруучулар аймактардагы эң кооптуу тилкелерде издөө-куткаруу ишин 24 саат бою кезектешип аткарууда. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы.