Президент Садыр Жапаров Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында белгилүү скульптор, архитектор жана жасалгалоочу Ласло Месароштун неберелери - Золтан, Миклош жана Каталин Янчо менен жолугушту.
Месароштун ысымы Бишкектеги бир топ имараттар менен тыгыз байланыштуу. Венгер эмигранты Ласло Месароштун ысымы Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилген. Бирок, анын шаардагы бир топ имараттарды куруууга, аларды көркүнө чыгара жасалгалаганын көптөр билбесе керек. Босогону аттаганда эле көз жоосун алган темир жол вокзалынын ички кооздугу кирип келгендерди өзүнө тартат.
Бул эмгек венгер архитекторунун талантынын далили. Кең тепкичтери жана аянтчасы бар стратегиялык маанилүү имарат эки жылдын ичинде курулган. Ал Эркиндик бульварынын көрүнүшүн ачып, көркүнө көрк кошуп турат.