Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Венгриянын Президенти Каталин Новак менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Анын катарында эки тараптуу Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларация, билим берүү, санарип өнүктүрүү жана юстиция жаатында кызматташуу меморандумдары бар. Эртең кыргыз-мажар ишкерлеринин бизнес форуму өтөт.