Жаңылыктар
Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар коомдук ишмерлерди, ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү иштеген 250дөн ашуун адамга мамлекеттик наамдарды, ардак грамоталар жана сыйлыктарды тапшырды. 

Өлкө башчынын эгемендиктин 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыгына ылайык, бир катар инсандар экинчи жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденин, Эрдик медалын, Эмгек сиңирген ишмер, Эл жазуучу, Эмгек сиңирген дарыгер наамын, дагы бир катар коомдук ишмерлер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн ардак грамоталарды алышты.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118