Жаңылыктар
Ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү

Япония демекчи, дал ушул күн чыгыш өлкөсүндө чакан ишканалардын саны өлкөдөгү жалпы ишканалардын токсон тогуз пайызын түзөт экен. Бүгүн бул өлкөдө алты жарым млн орто жана чакан ишканалар бар. Аларда 50 млндон ашык адам эмгектенет. 

Башкача айтканда жумушчу күчтүн 80 пайызы орто жана чакан ишкердик субьекттеринде ишетешет. Алардын жалпы ИДПдагы үлүшү 55 пайызды түзөт. Бул 3 трлн АКШ доллары.

Ал эми Кыргызстанда орто жана чакан ишкердиктин ички дүң продукциядагы үлүшү 43 пайызды же 309 млрд сомду түзөт. Бул тармакта жарым млндон ашык адам эмгектенет. Бирок адистердин айтымында көмүскө экономиканы эске алганда бул тармактын ИДПдагы үлүшү өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эле 50 пайызга жакындайт.