Жаңылыктар
Биринчи Элдик Курултайдын жети багыты
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи Элдик Курултайдын жети багыты

Элдин, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеп, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын аталган Биринчи элдик курултайдын өткөнүнө 10 күндөй болуп калды. 

Бул убакыт аралыгында Аксакалдар кеңеши ишти ырааттап, курултайда келген арыз, суроолорду даректерине жеткирүү менен алек. 

Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан, а түгүл океандын ары жагынан жалпысынан 1072 делегат келип, алардын 143үнө сөз берилди. Бирок, кагаз түрүндо түшкөн жалпы суроо-сунуштардын саны 2 миңге чукулдаптыр. Алардын баары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү дешет Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү. 

Эми алардын баарын жалпылап, 7 багытта иш алып барууга белсенип жатышат.