Жаңылыктар
Кыргызстанда 6-декабрда акысыз юридикалык жардам берүү жумалыгы башталат
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстанда 6-декабрда акысыз юридикалык жардам берүү жумалыгы башталат

6-декабрда республикада акысыз юридикалык жардам берүү жумалыгы башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады. Билдирмеге караганда, ал 13-декабрга чейин уланат. 

Анда жогорку квалификациялуу адвокаттар, юристтер, түрдүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Кыргызстандагы юридикалык клиникалар ассоциациясынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акысыз укуктук консультацияларды беришет.

Укуктук жактан жардам берүү өнөктүгү көчмө жүрүш форматында өтөт. Анда тургундарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка түрдүү маселелер боюнча кеңештер берилет.