Манас күнүн жана алп манасчы Жаныбек Кожековдун 150 жылдыгын утурлай Нарын облусунда манасчылардын республикалык фестивалы өттү.
Ага өлкө аймагынан 30 дай манасчы, дастанчы жана төкмө акындар катышты.
Фестиваль “Манас” эпосун жана айтуучулук өнөрдү элге кеңири жайылтуу, ошол эле учурда жаштарды буга кызыктыруу максатында өткөрүлүүдө.
Облустук деңгээлдеги иш-чара эки жылда бир уюштурулуп келүүдө. Облуста быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат.
Фестивалдын жүрүшүндө 7 дубандан келген өнөр ээлери сыйлыктар менен сыйланышып, белектер тапшырылды.