Мамлекеттик кызматтын баркын жана сапатын көтөрүү үчүн жасалган кадамдар ырааттуу жүрүп жатат. Бул жолу Ош облусунун эң алыскы климаты катаал Алайку өрөөнүндө эмгектенип жаткандар туурасында айтып беребиз. Алардын бири муниципалдык кызматкер, жубайы мугалим - Макеевдердин үй бүлөсү. Алар эмгек акынын көбөйгөнү үй-бүлөлүк бюджетке киреше алып келди дешет.
Калктын түрдүү катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу саясатынын катарында маданият тармагынын кызматкерлери да бар. Айлык менен кошо бийик тоолуу аймактарда кошумча үстөк да толук сакталат. 6 жылдан бери айылдын спорт залында иштеп келе жатышкан Алайкунун маданият кызматкерлери улуттук баалуулуктарын даңазалоодо, аларды унутта калтырбай, муундан муунга тарыхый мурас катары өткөрүүдө талыкпай иштеп келе жатышат.