Жаңылыктар
Кыргызстан Японияда өтүүчү "ЭКСПО - 2025" көргөзмөсүнө катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Японияда өтүүчү "ЭКСПО - 2025" көргөзмөсүнө катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында Либералдык-демократиялык партиянын башкы кеңешинин төрагасы, парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Такаси Эндо менен жолугушту. 

Ал кыргыз тараптын сунуштары боюнча иш алып барууга даярдыгын айтып, эки өлкөнүн соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну арттырууга дарамети бар экенин белгиледи. 

Бул иштер «Борбор Азия + Япония» диалогунун линиясы аркылуу ишке ашырылат. Акылбек Жапаров Кыргызстан Достук топторунун ишмердүүлүгүн жана өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты жогору баалай турганын, бул эки тараптуу мамилелердин бардык тармактары боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн күч-аракетин толуктай турганын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Осака шаарында өтүүчү «ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнө катышууну пландап жатканын билдирди.