Жаңылыктар
Жайыттардан чогулган жыйымдын көлөмү көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жайыттардан чогулган жыйымдын көлөмү көбөйдү

2022-жылдын 9 айында Кыргызстанда 117 млн 464 миң 523 сом жайыт жыйымдары чогултулду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев билдирди. 

Анын айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына карата 33 млн 467 миң 924 сомго көп, же план 140%га ашыгы менен аткарылды. 

Кыргызстанда жайыт жерлери 9 млн гектардан ашык жерди ээлейт, анын ичинен 1,6 млн гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Ал эми республика боюнча жайытка чыккан малдын жалпы саны 5 млн 477 миң 78 башты түзөт.