Жаңылыктар
Былтыр Кыргызстанда 17 миң 75 аял боюнан алдырган
Кыргызстан жаңылыктары
Былтыр Кыргызстанда 17 миң 75 аял боюнан алдырган

Былтыр Кыргызстанда 17 миң 75 аял боюнан алдырган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган "Калктын жашоо деңгээли" отчетунда көрсөтүлгөн.

Мындай учурлар 2020-жылга караганда көп, бирок 2019-жылдагыдан азыраак катталган. Жаш курагы боюнча бөлө келгенде 20 жашка чейинкилер — 972, 20-24 жаштагылар — 3 миң 681, 25-29 жаштагылар — 4 миң 394, 30-34-жаштагылар — 4 миң 26, 35 жана андан жогору курактагылар — 4 миң 2 аял. 

Бойдон алдыруунун кесепети аялдар үчүн коркунучтуу, ал бир топ кабылдоолорго алып келиши ыктымал жана кийинки кош бойлуулуктун жүрүшүнө жана аякташына таасир этет.