«Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлдөө жүрүгүзүүнүн алкагында «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.
2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек-Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай Эл Республикасынын жараны «И.Т.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) кармалган.
Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн.
Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 048 836 сомду түзөт. Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.