Жаңылыктар
Бишкектеги жаңы оңдолгон Элебесов-Фере көчөсү пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги жаңы оңдолгон Элебесов-Фере көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын жаңы оңдолгон, узундугу эки чакырымды түзгөн Элебесов-Фере көчөсү пайдаланууга берилди. 

Анын ачылышына жергиликтүү тургундар, Бишкек шаарынын мэри, эл өкүлдөрү катышты. 

Буга чейин жергиликтүү тургундар жолдун абалы начар экенин айтып, тиешелүү мекемелерге кайрылып келишкен. Быйыл шаар мэриясы жашоочулардын өтүнүчүн кабыл алып, жол алты айда реконструкция болду. 

Куруучулар жолдун сапатына өзгөчө маани бергени айтылат. Эки тарабына тротуар жана ирригациялык тутуму кошо салынды.