Курултай институтунун эң башкы артыкчылыгы - улуттук деңгээлдеги биримдикке жол түптөгөндүгүндө дейт мамлекет башчысы менен жолугушууга келген Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү.
Президент элдин ишенимине ээ болуп, чыныгы ой-мүдөөсүн бийик трибунадан жеткирген делегаттарга ыраазычылыгын билдирди.
Аксакалдар Президентке алдыда ишке ашырабыз деп көздөп жаткан жети багыт тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар элдин турмушун жакшыртуу жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу зарылчылыгы боюнча бирдиктүү пикирге келишти.