Министрлер Кабинетинин делегациясынын Японияга жумуш сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык дарамети боюнча баяндаманын бет ачары болду.
Энергетика министрлиги кичи ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасады.
Бет ачардын жыйынтыгында ушул жылдын декабрында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.