Бишкекте троллейбус айдоочулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү дарылардын топтому менен камсыздалды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бул комплектте нашатырь спирти, зеленка, бинт, суутектин кошулмасы, жаракат таңуучу материалдар, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипс, йод жана валидол бар.
Ошондой эле айдоочулар күн сайын кезмет алмаштыруу алдында медициналык кароодон өтөт. Аларды спирт ичимдиктерине текшерип, кан басымы өлчөнөт. Эгерде нормадан четтөө байкалса же айдоочулар оорунун белгилерин байкаса, сөзсүз түрдө каттамдан чыгарылат.