Жаңылыктар
Умра сапарына алгачкы топ Оштон учту
Кыргызстан жаңылыктары
Умра сапарына алгачкы топ Оштон учту

Муфтият тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ "Ош" эл аралык аэропортунан учуп кетти.

Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган топту үч умра башчы жетектейт. 

Белгилей кетсек, муфтият пандемиядан бери умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын баасы 1 миң 350 долларды түзөт. 

Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, ханафи мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам, КМДБ умра сапарын уюштурууга киришкен.