Жаштар үчүн чет жерде билимин тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Касымалы Баяинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын студенттери жана магистранттарына Европа өлкөлөрүндөгү бир катар белгилүү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү келип чет жактан билим алууга сунуштарын айтышты.
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери Франция, Германия, Америка жана башка бир катар мамлектетердеги окуу жайларда түзүлгөн шарттар менен таанышып, кызыккан багыттары боюнча түрдүү факультеттерди тандаганга жетишти.
Азыркы тапта эл аралык деңгээлде билим алуу жана жаштар арасында тажрыйба алмашуу, бир кесипке көп убакыт коротпой бир нече кесипти бир убакта өздөштүрүү боюнча түрдүү программалар менен таанышты. Айрым дүйнөлүк ири окуу жайларда учурда чет элдик студенттерди тандоо иштери өтүүдө.
Ушундай эле иш-чара Бишкек шаарындагы окуу жайларда да болуп, студенттерге жеткиликтүү программалар сунушталат.