Баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстандын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
14-ноябрда “Чоң-Капка” постунда Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү мамлекеттик номурдагы жүк ташуучу унаа кармалган. Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.
Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.