Жаңылыктар
Жалал-Абаддагы №10 жазаларды аткаруу мекемеси шаардын сыртына көчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддагы №10 жазаларды аткаруу мекемеси шаардын сыртына көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, каражат маселеси чечилген. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн жеринен көрдү. 

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы жумуш ыргагын тездетүүнү тапшырып, сапатка көңүл бурууну эскертти. 

Мындан сырткары, шаардагы №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты бөлүнүп, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталды.

Бул аракет президент Садыр Жапаровдун шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.