Жаңылыктар
Өзбекстанга жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстанга жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды

Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Евразия экономикалык биримдигинин жана өлкөнүн бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, УКМКнын кызматкерлери, Бажы кызматынын «Манас» бажысы менен бирдикте Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстандын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркаларын аныктады. 

Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагына контрабанда менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында бул өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен бажы комитетинин биргелешкен аракеттеринде иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада эки өлкөнүн аймагында шектүүлөр кармалган.